Улуттук банк эсептик ченди 9% бойдон өзгөрүүсүз калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 9% бойдон өзгөрүүсүз калтырды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин төрагасы Мелис Тургунбаев билдирди.

 

Ал буга инфляция фактору, өлкөдөгү экономиканын өнүгүү тенденциясы, тышкы экономикалык чөйрөдөгү шарттар себеп болгону менен түшүндүрдү.

 

Чиновник жарым жылдын жыйынтыгы менен реалдуу ички дүң өнүмдүн өсүшү 8,1% түзгөнүн кошумчалады. Мындай өсүштү кызмат көрсөтүүлөр жана курулуш тармагы кошкон.

 

Эске салсак, Улуттук банк эсептик ченди 28-майда 11 пайыздан 9га түшүргөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.