Улуттук банк кезектеги интервенцияны жасады

Улуттук банк валюта рыногунан 22 миллион 500 миң доллар сатып алды. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

 

Өлкөнүн башкы каржы мекемеси жыл башынан бери 18 жолу интервенция жасап, анын көбүндө долларды сатып алды.

 

Эске салсак, интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.