Кара-Балтадагы мунай иштеткен “Жунда” заводун ушул жылдын экинчи кварталында ишке киргизүү пландалып жатат

Кара-Балтадагы мунай иштеткен “Жунда” заводун ушул жылдын экинчи кварталында ишке киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, заводду быйыл күзүндө модернизациялоо пландалууда.

 

Эске салсак, “Жунданын” иши 2019-жылы токтоп калган. Алгач анын себеби айтылбай, 2020-жылы пандемияга байланыштуу экени кабарланган. “Жунда” жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Кытайлык инвестор аны курууга 300 миллион доллар жумшаган.