Үстүбүздөгү жылдын май айында мигранттар Кыргызстанга 174 миллион доллар которду

Үстүбүздөгү жылдын май айында мигранттар Кыргызстанга 174 миллион доллар которду. Улуттук банктан билдиришкендей, 2022-жылдын май айына салыштырмалуу которуулар 32 пайызга төмөндөдү.

 

Анда которуу системалары аркылуу өлкөгө 257 миллион доллар жөнөтүлгөн болчу. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, бардык акча которуулардын 90 пайызы Россияга туура келет. Калган сумма АКШдан жөнөтүлгөн.