Улуттук банк Оштогу коммерциялык банкка айып салды

Улуттук банк Оштогу коммерциялык банкка айып салды. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош облусунда жайгашкан бир коммерциялык банк айыпка жыгылды.

 

Натыйжада, банкка 55 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.