Кара-Кеченин көмүрүн Бишкекте сатууга тыюу салынышы мүмкүн

Кара-Кеченин көмүрүн Бишкекте сатууга тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу 24 агенттигине энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.

 

Белгиленгендей, анын ордуна сырттан жогорку сапаттагы көмүр алып келүү пландалууда. Алдын ала маалыматка ылайык, бул Казакстандын кара отуну болот.

 

Чиновник буга чейин казакстандык жеткирүүчүлөр менен келишимдер бар экенин кошумчалады. Ага ылайык, тоннасы 6 миң сомдон ашпашы керек. Жеткирүү болжол менен ушул айдын ортосунда башталат.

 

Ал эми Кара-Кеченин көмүрү Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарына жөнөтүлөт.