Аскер кызматкерлерине кызматтык үйлөрдү менчиктештирүүгө уруксат берилет

Аскер кызматкерлерине кызматтык үйлөрдү менчиктештирүүгө уруксат берилет.

 

Президент Садыр Жапаров “Турак жай кодексине”, “Аскер кызматкерлеринин макамы жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу документке кол койду.

 

Мыйзам аскер кызматында 20 жылдан ашык эмгектенгендерге жашап жаткан кызматтык үйлөрүн менчиктештирип алууга жол ачат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда соңку 10-15 жылдан бери аймактарда жана Бишкекте аскерлерге атайын үйлөр курулуп келет.