Улуттук банкка жаңы орун басар дайындалды

Азат Козубеков Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

 

37 жаштагы Азат Козубеков буга чейин Улуттук банктын Экономикалык башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

 

Эске салсак, Садыр Жапаров өткөн аптада Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялап, анын эки орун басары Манас Жакыпов менен Кайып Куленбековду кызматтан алган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.