Унаа жана жолдор министрлиги Оштогу жол оңдоо иштери тууралуу маалымат берди

Унаа жана жолдор министрлиги Ош облусунун аймагындагы жол оңдоо иштери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, учурда төмөндө жолдордо асфальттоо, аң-чөнөктөрдү толтуруу, жол белгилерин жаңылоо иштери жүрүп жатат:

  • № 37 Жол тейлөө ишканасы: Ноокат районуна караган Ноокат-Папан унаа жолунун 11-20-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле Тельман-Кара-Кой жолунда (0-6-чакырымдар аралыгы) жөө жүргүнчүлөр өткөн жол сызыктары жаңыланууда;
  • № 16 Жол тейлөө ишканасы: Чоң-Алай районундагы Ачуу-Суу-Кара-Шыбак автоунаа жолунун 66-68-чакырымдар аралыгында асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүп жатат:
  • № 5 Жол тейлөө ишканасы: Өзгөн-Заргер унаа жолунун 15-18-чакырымдар аралыгында жер иштери жүрүүдө;
  • № 956 Жол тейлөө ишканасы: Куршаб-Жалпак-Таш жолунун 0-7-чакырымдар аралыгында жаралган аң-чөнөктөр жамалууда;
  • № 26 Жол тейлөө ишканасы: Таш-Кыя-Киров-Жийделик унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө;
  • № 45 Жол тейлөө ишканасы: Кара-Суу районуна караштуу Аэропорт-Кашкар-Кыштак жолунун 0-1,2-чакырымдар аралыгын асфальттоого даярдыктар көрүлүүдө. Ошондой эле, айыл ичиндеги көчөлөргө шагыл төшөө жумуштары жүрүп жатат;
  • № 960 Жол тейлөө ишканасы: Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун жээгиндеги арыктарды тазалоо иштери аткарылууда;
  • № 21 Жол тейлөө ишканасы: Жолчулар тарабынан Актерек-Папан-Кожокелең жолундагы аң-чөнөктөрдү жамоо, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолундагы жол белгилерин жаңылоо, Кеңеш-Жапалак автоунаа жолунун 5-7-чакырымдар аралыгында асфальт төшөөгө даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.