Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөөлөр алынды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аба-ырайынын катаал шарттарына байланыштуу, жол кырсыктарын алдын алуу максатында буга чейин Арал жана Сосновка постторунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.
Учурда Кара-Суу районундагы Бекжар — Кичик-Теке — Лаглан ички чарбалык жолу жана Ош — Сарыташ — Эркечтам жолундагы Чыйырчык ашуусу унаа кыймылына жабык.