Ысык-Көлдө Асман экологиялык шаарынын курулушу башталды

Ысык-Көлдө Асман экологиялык шаарынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады.

 

Анын айтымында, Кыргызстан учурда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багыт алды жана жаңы шаарда электромобилдер, электробустар гана  жүрүп, энергиянын кайра жаралуу булактары колдонулат. Муну менен Асман атмосферага зыян келтирбейт.

 

Эске салсак, шаардын аймагы 4 миң 15 гектарды түзүп, анда 500-700 миң адам жашай алат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча долбоорго 20 миллиард доллар жумшалат. Өлкө башчы ишендиргендей, каражатты толугу менен инвесторлор бөлөт.