Ысык-Көлдү бойлото 11 чакырым велосипед жолчосу жана жөө жүрүүчүлөр өтмөгү курулат

Commuters on bicycle paths

Ысык-Көлдү бойлото 11 чакырым велосипед жолчосу жана жөө жүрүүчүлөр өтмөгү курулат. Бул тууралуу “Кабарга” Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.

 

Анын айтымында, веложол Азиялык өнүктүрүү банкы менен жетишилген макулдашуунун алкагында курулат.

 

Долбоордун жалпы суммасы 56 миллион долларды түзөт. Каражаттын бир бөлүгү Чолпон-Ата шаарынын жана Бостери айылынын канализациялык системасын жакшыртууга, калк жашаган түйүндөрдү көрктөндүрүүгө багытталат. Иштер күзүндө башталып, веложол 2 жылда курулуп бүтөт деп пландалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg телеграмм каналынан тааныша аласыздар.