Бишкек – Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, мындай чара аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин күчүндө болот.

 

Жеринде атайын техника жана жолчулар иштеп, трассаны кардан тазалоодо. Ашуулар аркылуу сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында тайгактыкка каршы күрөшүүчү шаймандарды ала жүрүү сунушталат.