Бишкек – Ош унаа жолунун Арал постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.
Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, трассанын 272-чакырымы аркылуу жүк ташуучу машинелердин бардык түрү өткөрүлбөйт.
Мындай чара жасалма тыгындарды болтурбоо жана авариялык абалдарды алдын алуу максатын көздөйт. Чектөөлөр аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин күчүндө болот.