Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Саз айылында чагылган түшүп, 250 баш кой өлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгы 7-июлда Жазы-Кечүү жайлоосунда болгон.
Министрлик Кыргызстанда 8-июлдан 12-июлга чейин нөшөрлүү жамгыр жаап, аба ырайы туруксуз болорун эскертип жатат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.