Зындан көлүнөн ашкан суу Тоң дарыясынын нугуна бурулду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо максатында Туура-Суу айылынан жана Балык завод тилкесинен 400 тургун Эшперов жана Ак-Сай айылынын мектептерине эвакуацияланды.
Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу иштери улантылууда.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.