Ысык-Көлдө “Каркыра” комплексинин курулушу уланууда

Ысык-Көлдө “Каркыра” тоо-ден соолукту чыңдоочу комплексинин курулушу кызуу жүрүп жатат. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Имановдун айтымында, учурда базага электр жарыгы жана таза суу берилүүдө.

 

Мындан тышкары, инвесторго коттедж шаарчасынын жана асма жолдун курулуш документтери берилди. Иманов белгилегендей, “Каркыра” комплекси жыл бою иштейт. Курулуш алты этап менен жүргүзүлөт.

 

Долбоордун инвестициялык бюджети 191 миллион долларды түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.