Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театры толук оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн облус жетекчиси Илияз Иманбетов жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов имаратка баш багып, абалын көрүп чыгышты.
Жетекчилер тез арада долбоорлоо иштериндеги документтерди толук бүтүрүп, оңдоп-түзөөтүү жагын тездетүүнү сүйлөшүштү.