Ысык-Көлдүн 45 миң тургуну ичүүчү суу менен камсыз болот

Ысык-Көлдүн 45 миң тургуну ичүүчү суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Кызыл-Суу, Кажы-Сай жана Бөкөнбаев айылдарынын калкы сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болот.

 

Долбоор Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы 31 айылды камтыйт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.