Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык турак-жайга кезекте 23 миң 500 үй-бүлө турат

Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык турак-жайга кезекте 23 миң 500 үй-бүлө турат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык уюмунун башкаруу төрагасы Тилек Жээмбаев билдирди.

 

Анын айтымында, соңку 3 жылда компания тарабынан 4 миң үй-бүлө турак-жайлуу болду. Буга 9 миллиард 600 миллион сом жумшалган. Учурда “Социалдык ипотека” категориясы боюнча 2 миң адам, жеңилдетилген ипотекага 16 миң 800, жеткиликтүү ипотекага 4 миң 400 адам кезекте турат.