Бишкекте Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын тазалоо иштери жүрүүдө

Бишкекте Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын тазалоо иштери жүрүүдө.

 

Жумуштарды “Бишкек суу чарба” муниципалдык ишканасы аткарууда. Мэрия маалыматына ылайык, дарыя нугун тазалоого атайын техника жана адистер тартылды.

 

Иштер дарыяларда тоңгон муз суу ташкындоого алып келбеши үчүн жасалып жатат.