Ысык-Көлдө Самбо боюнча Дүйнө кубогу старт алды

Чолпон-Ата шаарындагы  Газпром спорт комплексинде самбо боюнча Дүйнө кубогу башталды.
Мелдешке 14 мамлекеттен келген 200дөн ашык спортчу катышып, анда спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча мелдештер өтөт.
Улуттук курамдын тизмеси:
Спорттук самбо (эркектер арасында):
— 58 кг Камил Оболбеков, Сандар Марип уулу;
— 71 кг Алай Сартов, Олжобай Күйкөнов;
— 88 кг Жамалбек Асылбек уулу, Фарух Мамаджанов;
— 98+ кг Бекболот Токтогонов, Нуртилек Рысбеков.
Спорттук самбо (кыз-келиндер арасында):
— 54 кг Акак Үсөн кызы, Аяна Рыскулбекова;
— 59 кг Аида Асанбекова, Улара Карыпбекова;
— 72 кг Динара Камчибекова, Адинай Алмазова;
— 80 кг Назима Амантурова.
Күжүрмөн самбо (эркектер арасында):
— 64 кг Саяк Бараканов, Исланбек Өмүржан уулу;
— 79 кг Элзар Орозалиев, Вахап Абдуллаев;
— 98 кг Нурсултан Тайлаков, Кошаалы Назаркулов.

Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилигинде мелдешке катышат.