Ысык-Көлдө сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Ысык-Көл районунда сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Садыр-Аке айыл аймагында учурда 276 үй толук тазаланды.

 

Жумуштар бүгүн да улантылат.

 

Эске салсак, 18-август күндүз жана 19-августка караган түнү Ысык-Көл облусунда катуу жаан жаап, сел жүргөн. Анда турак үйлөр, социалдык мекемелер жана эс алуу жайлары жабыркаган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.