Зардалыга барчу жалгыз унаа жолу ачылды

Кыргызстандын алыскы айылы Зардалыга барчу жалгыз унаа жолу ачылды. “Кыргызавтожол” ишканасынын кызматкерлери жалпы 85 чакырымды түзгөн Сох-Кан-Зардалы жолунун тиешелүү тилкесин кар көчкү жана таштардан тазалап, каттам кыймылын жандантышты. Учурда кырсыктарды алдын алуу максатында суунун нугун буруу жумуштары жүрүп жатат.

 

Белгилеп кетсек, Баткен облусундагы кышы катаал Зардалыны башка айылдар менен бир гана жол байланыштырат. Жол жыл сайын, май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө каттам үзүлөт.