Жалал-Абад облусунда “Көк-Арт” чакан ГЭСи ачылды

default

Жалал-Абад облусунда “Көк-Арт” чакан ГЭСи ачылды.

 

Президент администрациясынан кабарлашкандай, Сузак районунда орун алган “Көк-Арт” чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын августунда башталган. Гидроагрегаттын кубаттуулугу 6,8 мегаватты түзөт. Жылына болжол менен 25 миллион кВт/саат энергия иштеп чыгат. ГЭСтин курулушуна тартылган жалпы инвестициянын көлөмү дээрлик   8 миллион долларды түзөт.

 

Бул сумманын жарымы Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун бөлүнгөн, калган сумма жеке инвестордун салымы болгон. Өндүрүлгөн электр кубаты Сузак районунун 10 миңден ашуун калкынын муктаждыгын камсыздайт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.