Кыргызстанда кышкысын электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Кыргызстанда кышкысын электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул өткөн жылдагыдай, “жөнгө салуу” иш-чараларына байланыштуу боло турганын Энергетика министри Таалайбек Ибраев эскертүүдө.

 

Анын айтымында, тармакка ашыра жүк келген маалда бир-эки саатка өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Мындай аракет трансформаторлорду ысып кетүүдөн сактоо үчүн көрүлөт.

 

Чиновник белгилегендей, акыркы күндөрү электр тармактарына катуу күч келүүдө, андыктан, өчүрүлөрдү болтурбоо үчүн, абоненттерге электр энергиясын үнөмдүү колдонуу сунушталат. Үйлөрдү жылытуунун альтернативдүү варианттарын тандоо керек, — деди Ибраев.