Бишкектин айрым подстанцияларында трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды.
Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, иштер ГЭС-5 районундагы подстанцияда жана “Ново-Южная” подстанциясында жүргүзүлдү.
Чиновник белгилегендей, энергетиктер өткөн жылы ашыра жүк келүү менен иштеген объектилеринин бардыгында кубаттуулукту жогорулатты.