Жалал-Абад облусунда Темирбаев атындагы мектеп капиталдык оңдоодон өттү

Жалал-Абад облусунда Темирбаев атындагы мектеп капиталдык оңдоодон өттү. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, жалпы билим берүү мекемеси Сузак районунун Миң-Өрүк айылында жайгашат.

 

Мектеп 48 жыл мурда салынып, буга чейин анда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

 

Объект 650 орунга чакталып, 3 кабаттуу окуу корпусунан, акты, спорт залдардан, ашканадан жана өтмөк галереядан турат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.