Жалал-Абадда 35 жыл мурун башталган мектептин курулушу аяктайт

Быйыл Сузак районунун Масадан айылындагы Фуркат атындагы 624 орундуу мектептин курулушун бүткөрүү пландалууда.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 1989-жылы башталып, каржылоо жоктугунан токтоп турган.

 

«Билим берүү уясынын курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоору кайрадан иштелип чыгып, курулуш иштери жанданган», — деп айтылат маалыматта.

 

Долбоор боюнча, каралган 3-кабаттуу окуу корпус, спорттук зал, актовый зал, ашканасы менен курулду. Учурда мектептин курулушу 98 пайызга бүткөрүлдү.

Белгиленгендей, учурда курулуш-монтаждоо иштери «Кулжа» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө. Мектептин тендердик баасы 81 млн сомду түзөт.