Ошто жаңы мектеп пайда болот

Ошто жаңы мектеп пайда болот. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, 275 окуучуга чакталган объект Алымбек Датка аймактык башкармалыгындагы Ирригатор тилкесинде курулат.

 

Мектепте спортзал, буу казан, эки резервуар жана башка зарыл имараттар каралган. Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүндү. Мектеп кийинки окуу жылы башталганга чейин колдонууга берилет деп күтүлүүдө.