Өлкө мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанатынан тышкары иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Тиешелүү буйрукка Билим берүү министри Каныбек Иманалиев кол койду.
Андан тышкары, бүтүрүү кечесин өткөрүүгө ата-энелерден акча чогултууга бөгөт коюлду. “Акыркы коңгуроону” өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
Белгилеп кетсек, мектеп менен коштошуу салтанаты 25-майда өтөт.