Жалал-Абадда текстилдик ири ишкана ачылат

Жалал-Абадда текстилдик ири ишкана ачылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорго салынган инвестициянын көлөмү 16 миллион долларды түзөт.

 

Ишкананы түзүүгө Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин ушул жылдын башында кабыл алган макулдашуусу негиз болот. Ал эми каражат кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнөт.