Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүүдө. Анын мөөнөтү тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.
“Жалпы республикалык тестке учурда каттоо жүрүп жатат. Каттоо 27-февралда башталган жана 7-апрелге чейин уланат. Ар бир абитуриент эгер жогорку окуу жайга өтөм десе, анда ал сөзсүз түрдө каттоодон өтүшү керек. Каттоо биздин сайттын электрондук платформасында өтүп жатат. Форматы – онлайн каттоо”
Белгилеп кетсек, жалпы республикалык тестирлөөнүн өзү май айында өтөт.