Жалал-Абадда жаңы административдик имараттын курулушу башталды

Жалал-Абадда жаңы административдик имараттын курулушу башталды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты жана шаардык мэриянын административдик имараты мурдагы Жазаларды аткаруу кызматынын ордуна курулууда.

 

Объектти келерки жылы бүткөрүү пландалган. Ал жети кабаттан туруп, массалык иш-чараларды өткөрүүчү аянты жана сейил багы менен болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.