Жарым жылда бирдиктүү салык боюнча 6 млрд сом чогулду

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын алты айында бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 6 млрд сом салык чогултту.

 

Ведомстводон маалымдашкандай, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бирдиктүү салык жыйымдары 239% же 3,4 млрд сомго көбөйгөн.

2024-жылдын 1-июлуна карата салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны 208 миң 498ди түзгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 116 миң 350 субъектке көп.

 

«Жөнөкөйлөтүлгөн системаны колдонгон салык төлөөчүлөрдүн санынын көбөйүшүнүн негизги себеби соода иши менен алектенген ишкерлердин салык салуунун патенттик системасынан өтүүсү болду», — деп айтылат маалыматта.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.