Кыргызстанда күйүүчү май бир айда 2-3 сомго кымбаттады

Кыргызстанда күйүүчү май бир айда 2-3 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

 

Маалыматка ылайык, 31-июлда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин орточо 64 сом 96 тыйындан сатылды. 30-июнда анын баасы 62 сом 8 тыйын болчу. АИ-92 бир айда 56 сом 71 тыйындан 58 сом 23 тыйынга, АИ-80 үлгүсүндөгү бензин бир айда 52 сом 5 тыйындан 52 сом 92 тыйынга көтөрүлдү. Дизель отунунун баасы июндун аягында орточо 70 сом 68 тыйындан болсо, ушул тапта майдын наркы айрым жерлерде 72 сомго чейин жетүүдө.

 

Өлкөдөгү мундай ташуучулар баанын жогорулашын дүйнөлүк рынокто мунай баасы кымбаттап жатканы менен түшүндүрүп келет.