Кара-Суу базарында иштегендер ККМ колдонуудан бошотулат

Оштогу Кара-Суу базарында иштеген соодагерлер ККМ колдонуудан бошотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей алат. Алар Бишкектеги “Дордой” жана Оштогу Кара-Суу базары.

 

Эске салсак, Кара-Сууда иштегендер көзөмөл-кассалык машинелерди колдонууга каршы экенин билдирип, кечээ нааразылык акцияга чыгышкан. Учурда алар соодасын улантып жатышат.