Кыргызстан чет өлкөгө дээрлик 5 миң кг алтын экспорттоду

Жарым жылда Кыргызстан чет өлкөгө 4 миң 820 кг алтын экспорттоду. Улуттук статистикалык комитет билдиргендей, анын 3 тоннадан ашыгы июнь айында Кытай менен Швейцарияга сатылган.

 

Жалпысынан республика Швейцарияга 3 мин 970 кг алтын экспорттогон. Ошол эле учурда өткөн жылы бул өлкөгө баалуу металл жеткирилген эмес.