Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо бир катар өзгөртүүлөр менен өтөт

Шаардык кеңештерге шайлоодо саясий партиялар үчүн шайлоо босогосу  7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүлүп, айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү жокко чыгарылды.

 

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, документтер “Электрондук талапкер” программасы аркылуу электрондук түрдө дагы кабыл алынууда.

 

Ар бир шайлоо участогунда видео байкоо жүргүзүлөт, — деди Шайлдабекова. Эске салсак, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында өтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.