Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга эки талапкер арыз берди

Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округунда кайра шайлоого катышуу үчүн «Эл үмүтү» партиясынын лидери Алмаз Аскар уулу менен буга чейинки шайлоого катышкан Эртай Искаков Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди.

Алмаз Аскар уулу былтыр жазында Бишкектеги бир мандаттуу Свердлов округундагы шайлоого катышып, үчүнчү орунда келген. Анын аты соңку парламенттик шайлоодо президент Садыр Жапаровдун уулу Рустамга байланыштуу аталган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Рустам Жапаров парламенттик шайлоого камылга көрүп, ар кандай жолугушууларды өткөрүп жатканын айтып чыккан. Анда президенттин уулу «Эл үмүтү» социалдык саясий партиясын сүрөп жатканын билдирген. Аскар Алмаз уулу партиянын Рустам Жапаров менен байланышы жок экенин айткан.

БШК Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Анда бул кайра шайлоо болуп жаткандыктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарганы айтылган.

БШК 28-майда өткөн Ленин округундагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алууга” байланыштуу доомат айтылган.

Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат.