Ленин округунда депутатты шайлоо алдында БШК электрондук төлөмдөрдү көзөмөлдөп жатат

Ленин округунда депутатты шайлоо алдынд БШК электрондук төлөмдөрдү көзөмөлдөп жатат. Комиссиядан билдиришкендей, бул добуштарды сатып алуу максатында  “көмүскө” каражатты колдонууну жокко чыгаруу үчүн жасалууда.

 

Иштер Улуттук банк, уюлдук байланыш операторлору, Каржылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана башка тиешелүү органдар  менен биргеликте жүргүзүлүп жатат. Добуш сатып алуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралат.

 

Мындай мыйзам бузуучулар 260 миң сомго чейин айыпка тартылат, же 2,5 жылга чейин эркинен ажыратылат, — деп эскертет Боршайком.