Жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо аралыктан добуш берүү колдонулат

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү колдонулат. БШКдан билдиришкендей, ага шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок туруктуу катталган жери боюнча добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандар катыша алат.

 

Алыстан добуш берүүнү өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Каракол, Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Баткен шаарларында шайлоо тилкелери түзүлөт. Ага катышууну пландап жаткандар арызын 1-ноябрга чейин жашаган жери боюнча аймактык шайлоо комиссиясына же Tizme порталындагы электрондук аккаунт аркылуу тапшырышы керек.

 

Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо ушул жылдын 17-ноябрында өтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.