Кыргызстанда Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин бир нече беренелерине өзгөртүү киргизилип, кылмыштардын эскирүү мөөнөтү алып салынды. Тиешелүү мыйзамга Садыр Жапаров кол койду.
Эскирүү мөөнөтү колдонулбаган кылмыштардын тизмеси өзгөртүлүп, толукталды:
– 209-берененин 3, 4-бөлүктөрү (“Уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызмат абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык”)
– 210-берененин 3, 4-бөлүктөрү (“Уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызмат абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”);
– 215-берененин 3-бөлүгү (“адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү”);
– 336-беренеси менен (“Коррупция”).
Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесине “материалдык зыяндын ордун толуктабаса, кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен кылмыш иш токтотулбайт” деген өзгөртүү киргизилди.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылы 28-декабрда кабыл алган.