Жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо бир катар жаңы ыкмалар колдонулат

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо бир катар жаңы ыкмалар колдонулат. Бул тууралуу Novosti.kgге Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, ар бир тилкеде шайлоочуларды идентификациялоо боюнча модернизацияланган жабдуулар орнотулат. Алар шайлоочуну бармагы же жүзү аркылуу таанып, тизмеде бар болсо, атайын принтерден добуш берүүчү бюллетенди чыгарып берет. Тагыраагы, бюллетендер алдын ала даярдалбайт.

 

Соңку маалыматка ылайык, Кыргызстанда 4 миллион 120 миңден ашуун шайлоочу бар.

 

17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.