Жергиликтүү кеңештердин сандык курамы бекитилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештерине 51 депутат, шаардык жана айылдык кеңештерге — 70 миңге чейин болсо 31 депутат, 70 миңден жогору болсо — 41 депутат шайланат.
Эске салсак, жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында өтөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.