Үч округдагы парламент депутаттарын шайлоону өткөрүүгө 350 миңден ашык бюллетень даярдалды

Үч округдагы парламент депутаттарын шайлоону өткөрүүгө 350 миңден ашык бюллетень даярдалды.

 

БШКдан билдиришкендей, документтер коргоо элементтерине ээ, автоматтык эсептөөчү урналар үчүн атайын боек басылган.

 

Эске салсак, Баткен, Кара-Суу жана Ош округдарында Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-апрелде өтөт.