Ленин бир мандаттуу округ боюнча депутатты шайлоого 124 миң добуш берүүчү катталды.
Боршайкомдун маалыматына ылайык, жалпысынан 51 тилке ачылат. Ал эми тилкеден тышкаркы шайлоо жымжырттык күнү, 27-майда өтөт.
Ага катышууга арыздар 25-майга чейин кабыл алынат. Эске салсак, Жогорку Кеңештин Ленин округу боюнча депутатты шайлоо ушул жекшембиде өтөт. Акыркы жыйынтыктар 11-июнга чейин чыгарылат.