Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Талапкерлер мандаттын санына жараша гана катталат

Бул жолку жергиликтүү кеңештерге шайлоодо талапкерлерди каттоо мандаттын санына жараша гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу Novosti.kgге БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

 

“31 мандат болсо, ошончо гана талапкер боло алат. Анын 30 пайыздан кем эмеси аялдар болушу керек, тагыраагы, 31 депутаттын 11и аялдар болушу шарт. Же аялдар көп болсо калганы эркектер болушу керек. Анын ичинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бир талапкер катталышы зарыл.”

 

Шаардык жана айылдык кеңеш депутаттарынын бекитилиген санына ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештерине 51 депутат, шаардык жана айылдык кеңештерде шайлоочулардын саны 70 миңге чейин болсо 31 депутат, андан жогору болсо 41 депутат шайланат. Мандат партиялар канча добуш алганына жараша бөлүштүрүлөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.