ЖК Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды

Жогорку Кеңеш Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

 

Унаа жана жолдор министрлигинин жетекчи орун басары Ырысбек Бариевдин айтымында, документтин кабыл алынышы темир жол куруу долбоорун иш жүзүндө ишке ашырууга өбөлгө болот.

 

Чиновник белгилегендей, бул коридор жаңы рынокторго жол ачат, ошондой эле Кытайдан Кыргызстанга жана андан ары Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана Европа Биримдигине товарлардын жеткирилишин камсыздайт.