Жогорку Кеңеш комитети тууну өзгөртүү долбоорун дароо эки окууда жактырды

 

Жогорку Кеңеш комитети тууну өзгөртүү долбоорун дароо эки окууда жактырды. Документ эми парламенттин жалпы жыйынына экинчи окууга чыгарылат.

 

Комитеттин отурумунда депутаттар Мирлан Самыйкожо, Жамиля Исаева жана Арсланбек Малиев берген сунуштар кеч берилди деген негиз менен мыйзам долбооруна кошулган жок.

 

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.